super.kg logo

Садыр Жапаров: "Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду"

 

"Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада.

Анын айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо системасына бир катар сокку урулган.

Мамлекет башчысы Советтер Союзу убагынан бери калыптанып калган эң оор жана ашкерелөөгө кыйын болгон кылмыштарды тергөө укугу прокуратура тергөөчүлөрүнөн алып салынганын эске салды.

"Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан 2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду", - деди ал.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Конституциянын бул ченеми, ошондой эле жаӊы кодекстердин жана Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы жакында бекитилген документтердин ийгиликтүү ченемдеринин бири болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: