super.kg logo

Талапкерлер жана партиялар Фейсбукта үгүт иштерине 27 миң 917 доллар коротушкан

 

21-августтан 18-ноябрга чейин Кыргыз мамлекети боюнча Фейсбуктун китепканасында жалпы суммасы 27 миң 917 АКШ долларына жеткен саясий жарнама жайгаштырылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Meta (Facebook) глобалдык компаниясына бирдиктүү шайлоо округу, ошондой эле Бишкек шаары жана Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл облустары боюнча бир мандаттуу округдардан алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган бардык талапкерлердин тизмесин берилген.

Белгилүү болгондой, мындай макулдашууга 2021-жылдын 9-ноябрындагы БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын Фейсбуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жетишилген. Тараптар анда БШК каттоого алынган саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан талапкерлердин тизмесин берет деп макулдашкан, бул Facebook өзүнүн саясатынын алкагында колдонуучуларды документалдык жактан тастыктоо, тигил же бул аккаунтта кандай адам катталгандыгын билүү үчүн зарыл.

Талапкерлердин тизмеси орус тилинде жана латынча транскрипциясында берилген, фамилиясы, аты жана атасынын атынан тышкары, туулган датасы, иштеген жери жана ээлеген кызмат орду тууралуу маалымат да камтылган.

Фейсбуктун мамлекеттик саясат боюнча башкаруучу директору Жордж Чен онлайн жолугушууда: "БШК үчүн Meta (Facebook) санариптик китепканасы Фейсбукту пайдалануучуларды эсепке алуучу жазуудан, катталган аккаунттардан чыккан потенциалдуу саясий жарнамага мониторинг жасоо үчүн керек болгон бардык маалыматты алуунун эӊ сонун булагы болот", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы талапкер же партия канча короткону боюнча да маалымат берип койгонуңар жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: