super.kg logo

1 тонна таттууну аткезчилик жолу менен Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды

 

20-ноябрда аткезчиликке каршы күрөшүү иш-чараларынын негизинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

"УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргыз мамлекетинин 1991-жылы туулган Р.С. аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей чоң ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.

Ал эми чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарып аргасыздан автоунааны токтотуу максатында дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1000 килограммдан ашуун таттуулар аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
21.11.2021. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сволчтар сөз жок экен да акча үчүн керек болсо ата энеңди сатасың го
21.11.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энендурайын саткындар, бу силерде намыс деген барбы. Ачкадан олуп жатсан да элини сатпачы. Ошол сассык лолулорго эч нерсе откозбойлу. Жергиликтуу эл карагыла чек араны, видеого тартып чыгарып эле турсанар болгону ким жук алып отуп жатса. Эмне ушунчалык намысыбыз жок, акча дегенде бут бапрын саткан элбизби эмне балээ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: