super.kg logo

"Фактыларга салкын мамиле кылган жетекчилерге жазалар күчөтүлөт". Министр Уланбек Ниязбеков шайлоого карата онлайн кеңешме өткөрдү

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешме бүгүн, 22-ноябрь күнү өттү.

"Ошондуктан коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында коомдук коопсуздукка тартылган катардагы кызматкерден баштап, ар бир жетекчиге чейин шайлоону тынч жана одоно укук бузуусу жок өткөрүүгө тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлсүн деп буйрук кылам. Шайлоого тиешелүү бардык мыйзам бузуулар, анын ичинде добуш сатып алуу, эл арасында бүлүк салуу, туура эмес маалыматтарды таратуу жана элдин тынчын алган учурлар менен фактылар боюнча ыкчам, тез иш-чаралар жүргүзүлүп, жеринде чечимдер кабыл алынсын.

Келип түшкөн фактыларга салкын мамиле жасап, элдин же шайлоого тартылган байкоочулардын, коомдук уюмдардын кайрылууларына көңүл бурбай, фактыларга юридикалык баа берүүнү уюштура албаган биринчи жетекчилерге карата катуу тартиптик жазалар көрүлө тургандыгын дагы бир жолу эскертем.

Ал үчүн бардык ички иштер органдары белгиленген тартипте өзүнө жүктөлгөн коомдук коопсуздукту камсыздоо милдеттерин аткарып, ар түрдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюп, ыкчам жана тездик менен иш алып барышыбыз керек”, - деген министр өз сөзүндө.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун аягында жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде жалпы 10 тапшырманы кынтыксыз аткаруу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: