super.kg logo

Актёрлордон түзүлгөн жаңы үй-бүлө

 

Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, каскадёр Бактыбек Нурмат уулу менен актриса Алтынай Муканбет кызынын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Эки жаштын жакшылыгына жакындары, достору, чыгармачылыктагы санаалаштары, кесиптештери катышты. Тойдо тамадалык кызматты Чыңгыз Мырзаев аркаласа, өкүл ата, өкүл апалык актёр Эржан Осмонов менен келинчегине тапшырылды.

"Алтынай мени назиктиги анан ишенчээктиги менен арбап алды. Биз 2015-жылы эле таанышканбыз. Ал эми кыз-жигит болуп 3 жыл сүйлөшүп, акыркы 1-2 айда эле үйлөнүү чечимин кабыл алып, тоюбуз тез арада эле болуп калды", - дейт Бактыбек Нурмат уулу.

Ал эми 3 айдын ичинде эле 5 өкүл балалуу болдук деген Эржан Осмонов төмөнкүлөргө токтолду.

"Бактыбек экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыз 3 жыл. Сени өкүл ата коём дегенде, болбой калат го дегем. Бирок болбой эле мен айттымбы, демек кылам деди. Анан мынтип өкүл ата болуп отурам. 3 айдын ичинде эле 5 өкүл балалуу болуп кеттик. Дагы үйлөнө турган балдарыбыз бар, аларды коё тургула деп жатам", - дейт Осмонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула алтындар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: