super.kg logo

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү

 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова 17-20-ноябрда Жалал-Абад облусунун шаарлары, бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында облустагы балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

Кара-Көл, Таш-Көмүр мэрлери жана Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, социалдык мекемелердин жана жашы жете элек балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча натыйжалуу мамлекеттик системаны калыптандырууга көмөктөшүү боюнча инспекциянын жетекчилери менен жолугушуулар өттү.

Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарлары, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун социалдык объектилерде болду. Алар "Арча-Бешик" бала бакчасы, Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар бөлүмү, Т.Сатылганов атындагы № 4 орто мектеп, "Ак-Кайың" № 2 бала бакчасы, Ж.Мавлянов атындагы орто мектеп-интернаты.

Ошондой эле Т.Давлетов атындагы № 4 бала бакчасы, "Кун Чубак" №1 бала бакчасы, "Бүчүр" бала бакчасы, Байдөөлөтов атындагы орто мектеп, ошондой эле бир нече үй-бүлө жана балдарды өнүктүрүү борборлорунда болду.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укугу жана аларды коргоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртууга сунуштар жана тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: