super.kg logo

Бишкек шаарында ар күнү 130га жакын троллейбус каттамга чыгат

 

Бишкек троллейбус башкармалыгы кыш мезгили башталаар алдында жалпы 140 троллейбусту пландуу техникалык кароодон өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ишкананын балансында 183 троллейбус болсо, анын 31и комиссиянын чечими менен эсептен чыгарууга жөнөтүлдү. Шаардыктарды тейлөө үчүн күнүнө 130га жакын троллейбус чыгат.

"Борбор калаанын троллейбустарын техникалык кароодон өткөрүү троллейбус жасоочулар тарабынан белгиленген тартипте бекитилген колдонуудагы эксплуатациялоо жана оңдоо документтерине ылайык жүргүзүлдү.

Жалпысынан 140 троллейбус сыноодон өткөн. Адистер тарабынан ар бир станоктун майда-чүйдөсүнө чейин бузулуулар аныкталып, акт түзүлүп, ага ылайык тиешелүү бөлүмдөр аларды жоюу иштерин жүргүзүшөт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, борбор калаада троллейбустар шаардыктарды кечки саат 22:00гө чейин тейлейт.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: