super.kg logo

"Дарыгерлер абалын күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат". Камакта отурган Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын улантууда

 

Камакта отурган Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Ачкачылыгын улантууда. Абалы туруктуу, дарыгерлер абалын күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат", - дешти басма сөз кызматынан.

Буга чейин, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менен сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айткан. Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептерин, колунда бардык ырастоочу документтер бар экенин айткан.

Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болгон.

Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.11.2021. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бет тырмоочулукта бул.
23.11.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кана Амиин Аллоху Акбар жаткан жери жайлуу болуп кунолорун кечирсин аллахым
23.11.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрмө менен курортту алмаштырбагыла. Түрмө ошондой болот,сыз,ным, кызматкерлер сүрдүү,ач каласың кыйналасың.ал жакта кфси менен шашлык жок. Ошолорду көрүп эх жараткан Аллах ушул жакка кайра келбейин деп, оңолуш керек. Анан Мотуевге окшоп чыккандан кийин мен отуруп келдим деп сыймыктанбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: