Ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө кеңеш берген атайын тиркеме ишке киргизилди



Балдардын окуусуна жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги менен эки жаңы санариптик демилгени баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда өткөн маалымат жыйында айтылды. Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин тиешелүү кызматкерлери катышууда.
Ага ылайык, "Окуу паспорту" жана "Bebbo" мобилдик тиркемеси ишке киргизилүүдө. Аталган тиркемелер кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча онлайн платформа болуп эсептелет.
"Bebbo" мобилдик тиркемеси ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө бардык кеңештерди берет. Баланын тамактануусу, эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, ата-энелик жоопкерчилик, коопсуздук, коргоо маселелери камтылган.
"Ошондой эле мобилдик тиркеме ата-энеге балдарынын алгачкы жылдарындагы эмдөөлөрдү, медициналык текшерүүлөрдү жана өнүгүүсүндөгү маанилүү баскычтарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. "Bebbo" бала төрөлгөндөн баштап 6 жашка чейинки курактагы наристелердин ата-энелери үчүн ылайыктуу", - дешти маалымат жыйындын катышуучулары.
Ал эми "Окуу паспорту" болсо билим берүү платформасы. Анын жардамы менен балдар интернетке кошулбастан эле мобилдик тиркеменин же браузердин негизинде сабактарды ачып, үйрөнө алышат.
Кыргыз өлкөсүндө "Окуу паспорту", "Билимдүү муун" деген аталыш менен таанылып, жогорку класстын окуучуларына колдонууну кеңейтүү пландалууда. Бул тиркемелер учурда Европа менен Борбор Азиянын 11 өлкөсүндө киргизилген.



