150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт. Netflix компаниясы Кыргыз өлкөсүнөн тасма тартты

Долбоордун алкагында биздин өлкөгө Голландиядан тасма тартуучу топ келген. Netflix компаниясынын буйрутмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасма тартылды - Кыргыз өлкөсүнүн атынан Салбуурун улуттук аңчылыгы чыгат.
"Өткөн жылы “Кыргыз туризм” командасы эл аралык деңгээлдеги журналисттер менен биргеликте БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында бүркүтчү тууралуу бир катар постторду чыгарып, бул темага кызыгууну жаратып, демилгенин башаты болгон. Фильмди экранга чыгаруу 2022-жылга пландаштырылган, тасма 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт. Биздин эпизодду миллиарддан ашык көрүүчүлөр көрө алат", - деп айтылат билдирүүдө.
Салбуурун – көчмөн аңчылыктын байыркы түрү. Мергенчилер атты чапкандан кийин тоолорго көп күндүк саякатка чыгышкан. Алар өздөрү менен кошо жалаң бүркүт, тайган жана жаа жебе алып кетишкен. Мындай жортуулдарда кыргыздар мыкты мергенчилерди, жылкыларды, бүркүттөрдү, тайгандарды тапташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
suban78

24.11.2021. 03:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Реклама болот мекенибиз. Азаматсынар балдар.
Medina87

24.11.2021. 08:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Эпизод Миллиарддан ашык коруучу коро алат --- Биздин Эпизодду эмеспи??
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.