super.kg logo

"Мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт". Мессенжерлерде тарап жаткан аудио боюнча жол башкармалыгынан жооп беришти

 

Мессенжерлер аркылуу транспорт каражаттарына байланыштуу аудио тарап жатат. Анда ушул жылдын 1-декабрынан баштап унаа башкарууга келишим кат, унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү керектиги, мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, текшерүүлөр жүргүзүлүп, талапка жооп бербегендерге чаралар көрүлөрү айтылат.

Республикалык жол ыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тарап жаткан аудио чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

"Башкы башкармалык айрым мыйзам ченемдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштаган. 2021-жылдын 1-декабрынан баштап “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси” күчүнө кирип иштеп баштайт. Кодекстин 193-беренесине ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочуга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (17 миң 500 сом) айып салууга же болбосо 30 сааттан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келе тургандыгын жана ушул эле кодекске башка кошумча өзгөрүүлөр киргизилгендигин билдиребиз", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.11.2021. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Так жана даана айтпапсынар го ошондо ишеним кат, техникалык кароодон отобузбу.толуктап кеткилечи
24.11.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мас абалында унаа айдагандарды правасынан ажыратып эле коюш керек, 5 жылга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: