Бишкек ШИИБи: "Букаевди өзүнүн тааныштары өлтүргөн" деген версия каралууда"
"Белгилүү тамада, шоумен, журналист Бакыт Букаевди анын тааныштары өлтүргөн". Тамаданын өлүмүнө байланыштуу ушундай версия каралып жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үйгө эшик аркылуу кирген кылмышкер атайын даярданып келген. Учурда иликтөөчү топ Букаевдин жакын тааныштарынын арасында сурак жүргүзүүдө. Шектүү катары эч ким кармала элек. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Эске салсак, 13-ноябрда шоумен Бакыт Букаевдин жансыз денеси өзүнүн батиринен табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
кошулду
"Бакыт Букаевди аябай кыйнап өлтүрүшүптүр" дейт Нурдөөлөт Копоев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Mumkun alasa beresesi bardyr kim bilet?