super.kg logo

Дебатта талапкер даараткана маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда "Ордо" партиясынын өкүлү "Ыйман Нуру" партиясына" суроо узатты: "Баарыбыздын эле программабызда экономикага салым кошо турган - туризм маселеси. Өзүңүзгө маалым болгондой эле өлкөбүздө 92 уулуу заттарды көмгөн жай бар. Эксперттер 2030-жылы Кыргыз өлкөсү экологиялык катастрофага туш болушу мүмкүн деп айтып жатышпайбы. Сиздердин программаңыздарда Кыргыз өлкөсүн туризмдин символу катары көрсөткөнгө кандай сунуштарыңыздар бар?"

"Ыйман Нуру" партиясынын жообу: "Абдан жакшы суроо бердиңиз. Кыргызда бир сөз бар да. Жакшыны ашыр, жаманды жашыр деген. Жаман өзүнүн жарасын чукуйт болбой дүйнөлүк коомчулукка мындай нерселерди көп айта бербешибиз керек. Кыргыздын уулуу заттарды көмгөндөн башка дагы керемет жерлери көп. Мени ойлондурган эң башкысы инфраструктура. Мисалы, бир араб же немис менен бара жатсаң дааратканага кирүүдөн уяласың. Мен министр болуп турганда ушул маселени тез чечейин дедим. Бир токтомду кабыл алуу үчүн башынан эмнелер гана өтпөйт. Ушунчалык бюрократия абдан күчтүү. Болгону ар бир май куюучу жайга өкмөт аркылуу ошол тегерекке талапка жооп бере турган стандарттар менен даараткана куруп койгула деп милдеттендирейин деген болчумун.

Экинчиси, өзүбүз дагы ушул нерседен баштайлы. Улуу элбиз Кытайды чапканбыз, жылдызга колубуз жеткен дей бербей, балдарга биринчи улуу сөздө уят жок дааратканага кирип чыкканды, раковинаны таза кармоону үйрөтүү керек экен. Ушундан туризм башталат.

Көчөдө кетип бара жатсаң тигил жагың, бул жагың деле таштынды. Ошон үчүн мамлекет эмне кылды дей бербеш керек. Мамлекет деген сиз менен мен.

Ар бирибиз таштанды ыргытпайлы, түкүрбөйлү. Анан жок дегенде конокту жылмайып тосуп алганды үйрөнөлү".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: