super.kg logo
  Саясат  

Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгени боюнча сотко кайрылат

 

Рыскелди Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко кайрылат. Бул боюнча ал видео кайрылуу жасады.

"Кара-Балтада шайлоочулар менен жолугуп, андан аркы сапарымды Таласка улагам. Ал жакта жолугушуум бар эле. Тилекке каршы, өтмөктөн өткөн кезде БШК мени шайлоодон четтеткени кабарланды. Кайра кайрылып келдим. Өзүмдүн укугумду кайра калыбына келтирүүгө аракет кылам. Сотко кайрылам. БШКнын чечими адилетсиз чечим жана саясий кысым", - дейт ал.

Кечээ, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган.

Жыйында БШКнын өкүлү Билим берүү жана илим министрлиги Рыскелди Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдиргенин айтты.

Ал "Социал-демократтар" партиясынан шайлоого аттанган.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: