super.kg logo
  Спорт  

"Тоо арасынан көк бөрү көрөт". Валентина Шевченко Кочкорго барат

 

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко 27-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районуна барат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эмгек сиңирген машыктыруучу, Нарын облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди.

"Эртең, буюрса, Валентина Шевченко болуп Кочкор эли менен жолугушууга барабыз. Шевченко буга чейин дагы Кочкорго барып жүргөн. Кочкордо биздин спортчулар көп. Валентина Шевченко алар менен, Маданият үйүндө Кочкор эли менен жолугушуу өткөрөт. Андан кийин Кара-Суу айылына барып, тоо арасында чыныгы көк бөрүнү көрөбүз.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедовго ипподромдо заманбап көк бөрү көрсөтүлгөн. Мында болсо тоо арасында чыныгы көк бөрү көрсөтүлөт. Кочкордон ары Ысык-Көлгө жөнөйбүз", - деди Токтогонов.

Буга чейин Валентина Шевченконун Жалал-Абад облусуна дагы барышы мүмкүн экени айтылган.

Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.11.2021. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Валя азамат.Башка бироо ошончо даражага жетип,дуйного аты чыкканда Кыргызстанды чанып кетмек.
25.11.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ха ха кулкунду эле келтирет да, эртен Кочкорго барса андан кийин Айгыр жалга барсын андан кийин Ала Букага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: