super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 4 миң сомдон арзан көмүр сатыла баштады

 

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт.

"Бүгүн Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык "Строймаркет" курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келингенин, базар баасынан 3 сомго чейин арзан экенин билдирди. Калаа башчысы көмүрдүн сапатын, элдин суроо-талабын билүү үчүн алгач азыраак көлөмдө буюртма берилгенин кошумчалады", - дешти мэриядан.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 миң сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10 миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80 пайызы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100 пайызга көмүр менен камсыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: