super.kg logo

"Көп суроо беришкенинен жиним келип түшүрүп салгым келген". Гусейн Гасанов унаа белек кылган Кыргыз жараны окуя тууралуу айтып берди

 

Буга чейин белгилүү орусиялык блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны бекер жеткиргени үчүн кыргыз жигитине унаа белек кылгандыгы кабарланган. SUPER.KG порталы блогерден унаа алган Кыргыз жараны Эген Апсаматов менен байланышты. Көп жылдан бери Москвада иштеп жүргөн мекендешибиз унаа алганына дагы деле ишене албай жүргөнүн айтып, буларга токтолду.

"Бул эми Кудайымдын берген белеги болду. Окуя 23-ноябрда түшкө жакын болгон. Ал күнү Химки шаарчасынан буйрутма алып, Москванын борборуна бардым. Ал буйрутмам дагы жөн эмес, актриса кыз экен. Андан "кайсы киного тартыласың?" деп сурасам, кинонун атын айтпай койгон. Аны менен жолдо сүйлөшүп, мени дагы киного тартып жылдыз кылгылачы деп айткам. Актрисаны жеткиргенден кийин эле ушул экинчи буйрутма келди. Карасам 10 мүнөттө жетет экенмин.

Барсам эле эки жигит алдыңкы эшикти ачып "бекер жеткирип коёсуңбу?" акчабыз жок калды деп суранды. Алар суранган жерге 20 мүнөттө жетмекмин. Мен макул болдум. Жолдо кетип бара жатканда эле алар мага суроо берип башташты. Ошол маалда аларга көп суроо бергени үчүн жиним келип, унаадан түшүрүп салгым келген.

Алар авто борборго айдатып барып, "акчаңды беребиз, 15 мүнөт күтүп тур, эч жакка кетпе" дешти. Макул деп күтүп турдум. 15 мүнөттөн кийин эле унаа утуп алдың деп чыгышты. Алгач ишенген жокмун. Мен Гусейн Гасанов деген таанымал блогер экенин билген эмесмин, мурда дагы таанычу эмесмин. Унааны үйгө алып келип токтоткондон кийин дагы ишенген жокмун. Бул эми Кудайдын буйругу.

Өзүм Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылынан болом, 35 жаштамын. Москвага 2007-жылдан бери келип-кетип иштейбиз. Акыркы жолу 2017-жылы келген бойдон ушул жердебиз. Ортодо Кыргыз өлкөсүнө эки жолу барып келдим.

Менин бир уул, бир кызым бар. Кызымдын бир кулагы тубаса укпайт. Унаага отурганда дагы "ата, музыканын үнүн чоңойтуңузчу, кулагым укпай жатат" деп айтат. Аны көрүп ыйлайт элем", - деди Эген Апсаматов.

Эген Апсаматов блогер белек кылган унаа 1 миллион 500 миң рубль турарын айтты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
25.11.2021. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Красавчик, ушинтип жолоочулар кееде суранса бекер жеткирип тургула, жетинин бири хызыр, дейт.
25.11.2021. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
1 500 000 руб болсо, Бишкектен эки бөлмөлүү кв экенда. Тарс сатып туруп үй алып кой!!!
25.11.2021. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Машинан Кут болсун бизге да буйрусун
25.11.2021. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кут болсун кызынын дартына шыпаа берсин.
25.11.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат тууган кудайдын сүйгөн пендеси экенсиң машинаң ак жолтой болсун ар дайым жакшы кундөргө кызмат кылсын
25.11.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алла раазы болосун дартты Берген Аллах каражатында блогерди себеп кылыптырда
25.11.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыздын ушундай жакшы сапатыг,жакшылыгын корсом эле суйунгонумдон запройго кирип кетем да)))
25.11.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
CAPATAH,ха ха ха шылтоо эле керек деп кой
25.11.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми муну туурап жон эле бекер жеткирип койчу деп далай мекендештерибизди алдашпаса болду. А так красавчик Эген азаматсың
25.11.2021. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшылыкка насип кылсын
25.11.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гасановко ыраазычылык билдирип койуш керек экен, ушул окуядан кийин кызынын кулагына да орустар акча которушуптур.
25.11.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшылыктарга буюрсун Алла Таллам себеп болуп берилди
25.11.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллахтын жардамы жакшылыкка болсун.Кызындын кулагына да Алла женил кылып шыпаасын берсин.Эки дуйнонун бактылуу жашоосу баарыбызга насип бллсун.
25.11.2021. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин айылдан ))
26.11.2021. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
КУДАЙ деген Кур калбайт, АЛЛА деген Ач калбайт деп Бекер айтпаган Ата Бабалар)))
Куттуу болсун!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: