super.kg logo

Ошто Ирактан келген 50 бала мектепте билим алса, дагы 17си бала бакчада тарбияланууда

 

Өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен биргеликте Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасашты. Бул туурасында президенттик аппараттан кабарлашат.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ирактан кайтып келген балдар билим алып жаткан билим берүү мекемелерде болуп, мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

"Учурда бардык балдар камкордук каттоосу менен үй-бүлөдө жашашат. Окуу жылынын башынан бери мекенине келген балдардын ичинен 50сү жалпы мектепке, 17си бала бакчага барса, 12 жеткинчек камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги мекенине кайтып келген балдарга кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Ошондой эле балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу боюнча иштерди жакшыртуу боюнча сунуштар берилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: