super.kg logo

Декабрдан тарта бензиндин баасы дагы кымбаттайт

 

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы декабрь айынан тарта дагы жогорулайт. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгилүү болду.

Билдирүүдө мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү менен ири нефтетрейдерлердин жолугушуусу орун алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы, запасы, көйгөйлүү жагдайлар жана түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууланганы айтылат.

"Мамлекеттик мекеме тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында ушул убакка чейин ири нефтетрейдерлердин арасында АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүн болгон.

Бирок үстүбүздөгү жылдын декабрь айынан тарта жогоруда көрсөтүлгөн объективдүү себептерден улам нефтетрейдерлер жаңы келишимдерди жана болгон резервдерди эске алуу менен баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө менен АИ-92 бензинине болгон бааны акырындык менен жөнгө сала башташат.

Ал эми дизель майына болгон баа эмитен көтөрүлө баштады", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Экономика жана соода министрлиги тарабынан демилгеленген күйүүчү-майлоочу майлардын (АИ-80, АИ-92, дизель майы) бааларын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууда. Эгерде министрлер кабинети мындай чечим кабыл алса, мамлекеттик агенттик мыйзамдарга ылайык, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн кошумчалашты басма сөз кызматы.

Ушул эле жолугушууда нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмүн сатып алуу үчүн финансы каражаты жетишсиз болуп жатканын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
25.11.2021. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кымбаттаткандар башыңарды жегиле
25.11.2021. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
rahat73.,Сен же башыңды
25.11.2021. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы бийлик Россияга жаккан жок. Ошондуктан мындай кымбаттоо алдыда далай болот. Эл кыйналат. Садыр Жапаровко караганда Атамбаев убагында Россия менен мыкты иштерди жасай алган. Азыркы Садыр эптей албай калды.
alimbek94 түзөттү 2021-11-25 23:02:19
26.11.2021. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alimbek94,Россияга жакпай эле бийлик не кийим же бир машина бекен, кайдагыны сүйлөйсүң да. Анда Өзбекистан, Тажикистан булар да жакпайт экен да. Өзбекистан менен да чектеш турам мен, күйүүчү май бизден көп болсо 3 сом арзан, бирок бензиндин сапаты өтө начар. Андай сөздү айтпа тууган. Россия бир жагынан болбосо да кайсы бир деңгээлде КР менен алака кылууга мажбур.
25.11.2021. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин түп тамыры менен жоюп салуу керек, баягылар эле пайдасын көрүп атат. Аш болсун
26.11.2021. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдайсың эшек араба:болот окшойтго?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: