super.kg logo

Эдил Байсалов: "Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялзаты - өлкөнүн өзгөчө күчү, деми"

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда "Гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракеттин 16 күнү" жалпы республикалык кампаниясы ишин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кампаниянын максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка бөгөт коюусун жогорулатуу, ошондой эле калктын зомбулуктун бардык формалары боюнча түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Бул акция жыл сайын 16 күнгө созулуп, 25-ноябрда – Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык күнү башталып, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Байсалов белгилегендей, аялдар жашаган турмуш-шартынан көз карандысыз түрдө болгон күч-аракетин жасап, алдыга койгон максаттарына умтулуп келет.

"Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялзаты өлкөнүн өзгөчө күчү, деми болуп саналат. Алар өздөрү жашап жаткан аймактардын агрардык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатышат. Ушул жылдын апрель айында Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарын жөнгө салууда, анын кесепетинен келип чыккан орчундуу маселелерди чечүүдө, жабыр тарткан адамдарга жардам берүүдө, эвакуация маселелерин жөнгө салууда, гуманитардык жардамды таркатууда, дегеле жаңжал чыккан аймакта тынчтыкты орнотууда баткендик аялдардын ролу баа жеткис. Ошондуктан бул иш-чаранын Баткен жергесинде өткөрүлүүсү өзүнчө мааниге ээ. Президент Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан сиздерге терең таазим этем", – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
26.11.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байсалов онолбойсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: