super.kg logo

Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

 

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат.

Мындан сырткары Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:

  • Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;
  • Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Башкы прокурору Курманкул Зулушев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Ошондой эле жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: