super.kg logo

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

 

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө Төө-Ашууда аба ырайы жакшырып, жол тазаланганда алынат. Бүгүн саат 06:00дөн баштап чектөө киргизилген. Жолдун бир бөлүгүндө кар тынбай жаап, калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткени маалым болду.

Министрлик башка дагы жол, ашуу жана капчыгайлардагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

"Боом капчыгайында дале кар жаап жатат, бирок дароо эрип, жол тоңгон жок. Нарын облусунун Долон ашуусунда, Чаткал районунун Чапчыма ашуусунда жана башка жерлерде дагы кар жаап, жол тайгак болууда. Кызматкерлер кадимки тартипте иштеп, тазалоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Транспорт министрлиги жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыра элек айдоочуларга алыскы жолго жана ашууларга чыкпоону эскертти. Мындан сырткары, айдоочулардан жанына чынжыр салып алууну, каршы тилкеге чыкпоону жана атайын техникаларга тоскоолдук жаратпоону суранды. Ошондой эле автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сөзсүз сактоо керектиги айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: