Бүгүн өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт
Ишемби күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Талас, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…-5, Нарын чөлкөмүндө -2…-4 градус болот.
Ал эми Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.