Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси бүгүн, 27-ноябрда саат 17:30 чамасында табылган.
"Анын жансыз денеси суу аккан сайдын жээгинен табылды. Азыр милиция кызматкерлери иштеп жатышат", - деп маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
-3

Айлык алып атабы иштешсин, эптей албайбы кетишсин акмактар.