super.kg logo

Беларусь Кыргыз өлкөсүнө автобус жана айыл чарба техникаларын жеткирүү жагын караштырмакчы

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь өлкөсүнүн Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы катышты.

Жолугушууда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ереванда өткөн жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары кыргыз тарап Кыргыз өлкөсүнө беларусь автобустарын жана айыл чарба техникаларын жеткирүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Өз кезегинде Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Андрей Страчко бул маселелерди жакынкы аралыкта иштеп чыгууга даяр экендигин билдирген.

"Биз үчүн бул дагы келечектүү долбоор, биз аны ишке ашырууга кызыкдарбыз", - деген ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: