super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Италия же Португалия барбайт". Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы бардык атаандаштар аныкталды

 

Швейцариянын Цюрих шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо раундунун плей-офф оюндарына чүчү кулак ташталды.

Мындай жаңы версия учурдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда биринчи жолу колдонулуп жатат. Чүчү кулактын жыйынтыгы:

"А" тайпасы.

Шотландия - Украина;
Уэльс - Австрия;

"В" тайпасы.

Орусия - Польша;
Швеция - Чехия;

"С" тайпасы.

Италия - Түндүк Македония
Португалия - Түркия.

Жогорудагы үч тайпадан Дүйнө чемпиондугуна бирден гана команда барат. Демек биз Катардагы Дүйнө чемпиондугунда Италияны же Португалияны көрө албайбыз.

Плей-офф эки этаптан – жарым финал жана финалдан турат. Плей-оффтун жарым финалы 2022-жылдын 24-25-мартында, ал эми финалы 28-29-мартта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.11.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чүчү кулак ташталганы качан. Мезгилден артта калып эле жүрө бересиңерда!
28.11.2021. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөө тең барбай калышы мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: