super.kg logo

Учурда өлкө боюнча 17 тоо-лыжа база иштейт. Заманбап базалар Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан

 
Өлкөдө 2021-2022 кышкы туристтик сезон расмий түрдө "Каракол" тоо-лыжа комплексинде ачылды. Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргыз жергесиндеги элчилиги, швейцариялык туризмди өлкөдөгү туруктуу өнүктүрүү долбоору, ата-мекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулардын катышуусунда ачылды.
Салтанаттуу ачылышта Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргыз мамлекетинин ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Министр кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделип жатканын кошумчалады. Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинет. Андыктан Кыргыз жергесинин туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.
"Өлкөдө жалпысынан 23 тоо-лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17си иштейт. Заманбап тоо-лыжа базалары негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.
Кышкы туризм тоо-лыжасында шаркыратмалар, үңкүрлөр, термалдык жана сейрек булактарга, элдик жана тарыхый музейлерге жана башка көптөгөн кызыктуу жерлерге саякаттоого мүмкүнчүлүк берет", - дешет министрликтин маалымат кызматынан.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: