Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын борбору Ашхабадга барды







Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу президенттик админстрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкө башчынын учагы Ашхабаддагы эл аралык аэропортко конду. Ал жерде мамлекет башчысына кызыл килем жайылып, атайын даярдалган ардак кароол тосуп алды.
Эске салсак, Садыр Жапаров бүгүн депутаттык шайлоодо добуш берген соң Түркмөнстанга учуп кеткен. Өлкө башчы жумушчу сапарынын алкагында Экономикалык кызматташтыктын 15-саммитине катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

