Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү: "Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаал катталган жок"
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Рыспек Жолдошбаев өрт өчүрүүчүлөр күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 миң 823 куткаруучу кызмат өтөп жатат. Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында иш-чаралар жүрүүдө. Министрлик тарабынан шайлоо убагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш алып барылып жатат. Күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаал катталган жок", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

