Жо Байдендин алгачкы Жаңы жылдык балатысынын баасы белгилүү болду
Жо Байдендин АКШнын президенти катары алгачкы жолу орното турган Жаңы жылдык балатысы өлкөнүн бюджетине 100 миң доллардан ашык чыгым алып келет. Бул тууралуу балатыга сарптала турган сумманы расмий документтерге таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын улуттук парк кызматы Огайо штатындагы компанияларга жаңы жылдык балатыны издеп, алып келип орнотуу үчүн 139 миң доллар (11 миллион 784 миң 114 сом) каражат бөлгөн. Балаты Ак Үйдүн жанына орнотулат.
Америкалык бийлик тарабынан тиешелүү документке 2021-жылдын сентябрь айында кол коюлгандыгы аныкталган. Белгиленгендей, өлкө быйыл акча каражатын үнөмдөөнү чечкен. 2019-жылы балатынын наркы 160 миң долларды (13 миллион 564 миң 448 сом) түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.