super.kg logo

Индияда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо каза болгон адам жеңип чыкты

 

Индиянын чыгышындагы Бихар кыштагынын тургундары маркум талапкерге анын акыркы керээзин аткаруу үчүн добуш беришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маркумдун жеңишке жеткени шайлоо комиссиясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жеңишке жеткендерге добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу расмий сертификаттарды тапшыруу аземинде белгилүү болгону жазылат маалыматта. Бул убакта талапкер Сохан Мурмунун жок экени белгилүү болгон. Анын жакындары менен байланышканда, жеңүүчү 6-ноябрда шайлоого эки апта калганда каза болгону белгилүү болгон.

"Анын акыркы тилеги шайлоого катышуу болгон. Ошол себептен жакындары анын өлүмү тууралуу бийликке маалымат беришкен эмес. Айылдаштары да эч нерсе айтышкан жок. Көрүнүп тургандай, акыркы тилегин сыйлоо үчүн ага добуш беришкен", - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү. Учурда жергиликтүү бийлик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу өтүнүчү менен шайлоо комиссиясына кайрылышканы айтылат кабарда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: