super.kg logo

Акылбек Жапаров ИИМге келип шайлоо процесси учурунда коомдук тартиптин сакталышына көңүл бурду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИИМге келип шайлоо процесси учурунда коомдук тартиптин сакталышына көңүл бурду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 28-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИИМге келип шайлоо процесси учурундагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн байкоого алды. Акылбек Жапаров ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борбордун приоритеттүү багыттары жана министрликтин басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан коомдук-саясий жана криминалдык абалдын милиция тарабынан толук көзөмөлгө алынып жаткандыгын баса белгилеп жана ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров ИИМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түз байланышка чыгуу менен борборубузда жана региондордо шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жаткандыгын байкоого алып, облустардагы мамлекеттик администрациялардын шайлоо боюнча ишмердигине да көз салып, шайлоо процесси учурунда шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштурууну, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу жана шайлоону өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо негизги тапшырмалардын бири экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: