10 миңден көп адам катышты. Сузакта Сумаянын сөөгү жерге берилди





Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жансыз денеси табылган 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сирожиддин Холдаров билдирди.
Анын айтымында, Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден көп адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилди.
Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Жаткан жерин жайлуу болсун периштем.
Баарыбыз талап кылалы кылмыштын бети ачылсын деп, зоокур табылсын.