Чүйдө шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 24 материал катталды
Чүй облусунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 24 материал катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
Кемин РИИБинде - 1;
Токмок ШИИБинде - 11;
Аламүдүн РИИБинде- 5;
Сокулук РИИБинде - 3;
Москва РИИБинде - 1;
Жайыл РИИБинде - 1;
Панфилов РИИБинде - 2.
Ошол эле учурда катталган 24 материалдын ичинен 3 материал кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарылган. Саат 18:00гө карата Чүй облусунун аймагында жарандар тарабынан коомдук тартипти бузуулар катталган жок.
Учурда Чүй облусунун 820дан ашык милиция кызматкерлери жер-жерлерде кызматын күчөтүлгөн режимде улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.