super.kg logo

1-декабрдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүдө милдеттүү ПЦР-тест талап кылынат

 

1-декабрдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай кадамга баруу өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталат.

"Чет элдик жарандар жана Кыргыз жарандары өлкөгө кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыкка ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги omicron жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалына көз салат. Анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында omicron штаммы аныкталган өлкөлөрдүн тизмесин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун жаңы штаммы маселеси боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.11.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
.ля казды туурайм деп карганын буту сынгандай,Россияга окшошом дебей койбойсунарбы
29.11.2021. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CAPATAH,келесоо экенсин
30.11.2021. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцина алгандарчы
30.11.2021. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,Вакцинанын эки компонентин алгандарга Европа,Азия, КМШ,СНГ олколоруно зеленый свет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: