Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы COVID-19 менен ооругандарды дарылоону улантат
Буга чейин Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы 1-декабрдан тарта COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууну токтотуп, штаттык (коронавируска чейинки) тартипте иштеп баштай турганы кабарланган.
Жергиликтүү басылмаларда аталган оорукана коронавирус илдети менен ооругандарды кабыл алууну улантат деген маалыматтар чыкты. Бул боюнча Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевге байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бизге 1-декабрдан баштап штаттык (коронавируска чейинки) тартипте иштөө боюнча буйрук келген. Бирок министрликтен байланышып, коронавирус менен ооругандарды кабыл алып тургула, бул маселе боюнча дагы карайбыз дешти", - деп билдирди Алиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.