super.kg logo

Индияда ишкер жубайы үчүн сүйүүнүн символу болгон Тадж-Махалдын кичирейтилген көчүрмөсүн курду (видео, сүрөт)

 

Индиялык 52 жаштагы ишкер Ананд Чукси жубайы үчүн Тадж-Махалдын кичирейтилген көчүрмөсүн курду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, муну менен ал 27 жаштагы жубайына үй-бүлө куруу датасынын урматына белек кылгысы келген. Бул жаш жубайы үчүн мыкты белек болоруна ишенгени айтылат маалыматта.

Белгилүү мавзолейдин кичирейтилген вариантын курууга ишкер 260 миң доллар сарптаган. Ак мрамордон курулган хан сарайда 4 уктоочу бөлмө, ашкана, китепкана жана бир канча чакан мунаралар менен кооз жасалгаланган. Бул имаратты курууга 3 жыл кеткен.

Алгач ишкер жубайына бийиктиги 24 метр болгон үй белек кылууну туура көргөн. Бирок жергиликтүү бийлик мындай курулушка уруксат берген эмес. Ананд Чуксинин айтымында, бул хан сарай көптөгөн адамдардын кызыгуусун жаратып, анын жанынан сүрөткө түшкөндөр арбын болууда.

"Мен бул жер туризмдин борбору болушун каалайм. Көптөгөн жаш түгөйлөр бул үйдүн жанынан үлпөттүк фотосессия уюштуруп жатышат. Мен буга каршы эмесмин, үйдүн эшиги бардык жарандар үчүн ачык", - деген ишкер.

Маалымат үчүн: Тадж-Махал дүйнөдөгү эң белгилүү имараттардын бири. Ал улуу моголдордун императору Шах-Жахан тарабынан курулган. Мавзолей императордун жубайы Мумтаз Махал 14-баласын жарык дүйнөгө алып келген соң каза болгондон кийин анын урматына курулган. Бул мавзолей сүйүүнүн символу катары белгилүү жана дүйнөнүн 7 кереметинин бири болуп саналат.






Индияда ишкер жубайы үчүн сүйүүнүн символу болгон Тадж-Махалдын кичирейтилген көчүрмөсүн курду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
30.11.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш, мен деле жубайыма Бишкектен спальный, душу бар - времянка эле салып берсем болду эле ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: