super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду "Алтын топту" тапшыра турган басылманын редакторун жалган билдирүү тараткан деп айыптоодо

 

"Манчестер Юнайтеддин" португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду "Алтын топ" наамын тапшыруучу "France Football" журналынын башкы редактору Паскаль Феррени жалган билдирүү тараткан деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболчу башкы редактордун "Роналду мен үчүн футболдук карьерамда аргентиналык чабуулчу Лионель Мессиге караганда көп жолу "Алтын топтун" ээси болуу маанилүү" деп айткан деген билдирүүсү чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.

"Паскаль Ферре менин атымды өзүн жана басылманы жарнамалоо үчүн колдонду. Мындай беделдүү наамды тапшырууга жооптуу адамдын басылманы жана бул наамды урматтаган адамдын дарегине карата жалган айтуусу туура эмес.

Менин футболдук карьерамдагы эң негизги максатым бул - мен ойноп жаткан клуб үчүн улуттук жана эл аралык тутулдарга ээ болуу, профессионалдуу футболчу болууну каалагандар үчүн жакшы үлгү көрсөтүү. Ошондой эле дүйнөлүк футбол тарыхына өз атымды алтын тамгалар менен жазып калтыруу башкы максатым", - деп жазган футболчу социалдык тармактагы баракчасына.

Эскерте кетсек, буга чейин "Алтын топ" тапшыруу аземи Париж шаарында өтөрү жана бул наамга талапкер футболчулардын тизмеси жарыяланган.

Ошондой эле Криштиану Роналду "Алтын топ" тапшыруу аземине катышуу үчүн Францияга барбагандыгы айтылып, мунун себеби "ПСЖ" клубунун чабуулчусу, аргентиналык футболчу Лионель Мессинин башкы сыйлыкты алуусуна катышуу ниети жоктугу менен байланыштуу экендиги жазылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
30.11.2021. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул Р.анальдо эркек эмес, өзү ала турган болсо жетип бармак.
30.11.2021. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG-312,барбай калса эркек эмеспи. Балким артынан туруп ушак кылган сен эркек эмессиң.
30.11.2021. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ulanbek2000,Жок эркек эмес, бул беркилерденго ағы сенда жакшы билесиң)))).
30.11.2021. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эми эжеси не деер экен)).
30.11.2021. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Месси татыктуу эмес болчу бул жерде дагы махенация болду
30.11.2021. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bayern-munchen,копчулук колдосо эмне кылат? Митинг кылгыла анда кайрадан болсун
30.11.2021. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пеналду чычалап жаткан экен ичи күйүп,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: