super.kg logo
  Спорт  

Легендарлуу футболчу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын жеңди

 

Франциялык ПСЖ клубунун оюнчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты кечээ, 29-ноябрда Франциядагы Шатле театрында болуп өткөн. Кезектеги "Алтын топ" үчүн эң негизги талапкер катары 7 футболчу алдыга озуп чыккан. Топтолгон упайлардын жыйынтыгында аргентиналык форвард 613 упай менен "Алтын топтун" жеңүүчүсү деп табылды.

Сыйлыкка башкы талапкер футболчулардын топтогон упайлары төмөнкүдөй:

1. Лионель Месси (ПСЖ) - 613

2. Роберт Левандовский (Бавария) - 580

3. Жоржиньо (Челси) - 460

4. Карим Бензема (Реал Мадрид) - 239

5. Н'Голо Канте (Челси) - 186

6. Криштиану Роналду (Манчестер Юнайтед) - 178

7. Мохаммед Салах (Ливерпуль) - 126

34 жаштагы футболчу быйылкы жылдагы негизги атаандашы делген футболчу Роберт Левандовскийден 33 упайга көбүрөөк алган. Ал эми Мессинин ар дайымкы атаандашы Криштиану Роналду бул ирет талапкерлердин тизмесинде 6-сапка түшүп калды.

Лионель Месси Ла лигада 30 гол киргизип мыкты бомбардир аталган. Мындан тышкары Аргентина менен алгачкы ирет Америка Кубогун жеңип алган. Ал эми жаңы сезондун башталышында ал Франциянын ПСЖ клубуна өткөн.

Сыйлык тапшыруу аземинде Бавария клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский бул жылы алгачкы ирет берилип жаткан "Жылдын мыкты чабуулчусу" наамына ээ болду. "France Football" мындан бир канча күн мурда "Алтын топ" менен бирге дагы бир сыйлык тапшырыларын маалымдаган эле.

Белгилей кетсек, "Алтын топ" футболдогу эң престиждүү сыйлык. Ал жыл ичинде жараткан ийгиликтердин, футбол сүйүүчүлөрү жана футбол адистеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында ар жылы бир футболчуга тапшырылат. Учурда бул сыйлыкка ээ болгондордун сап башында Лионель Месси турат (2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019, 2021). Ал эми Мессиге башкы атаандаш Криштиану Роналду 5 ирет "Алтын топту" жеңип алган (2008, 2013, 2014, 2016, 2017).

Былтыркы жылы пандемияга байланыштуу сыйлык эч кимге берилген эмес.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
30.11.2021. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео жайгаштырып койсонуздар
30.11.2021. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лео ЛЕГЕНДА !!!
30.11.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси легенда
30.11.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tima112,Спартакта ойногону учун легенда маймыл)))
30.11.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын топ деле коррупция болуп кетиптир. Бул жылы Месси Аиерика кубогун уткандан башка эч нерсени кыйратпады эле......
30.11.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дрогба алып баруучулукта кылабы?
30.11.2021. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG-312,тоюңа чакырсаң тамада болуп берет
30.11.2021. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulanbek2000,жардын
30.11.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 Левандовски 2 Жоржиньо 3 Месси 4 Роналду 5 Бензема 6 Канте 7 Салах болуш керек эле анткени Месси только копа американы эле утту клубда эч нерсе кыла албады награда боюнча Жоржинього эч Ким жетпеди Челси менен лига чемпти супер кубокту и Италия менен Европа чемпион болду Левандовски болсо бундестимди утту кубок Германияны утту бомбардир болду Германияда и все Европада Роналду боюнча соз козгоонун кереги жок эч нерсе кыла албады Канте Жоржинього окшош айрымасы сбор менен лига нацияны утту
30.11.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bayern-munchen,кошулам. Бирок Роналдунун кылганын дагы баалап коюшса болмок. Канчалаган рекорддорду жанылады. Акыры жылдары УЕФАда мафия иштер көп болуп жатат. Мындай улана турган болсо алтын топту жокко чыгарып салыш керек. Мээнет кылгандын иши бааланбай калса (Жеке оюм)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: