super.kg logo

1-декабрдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат

 

Министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырыларын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: