super.kg logo

БШК: "Бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз"

 

Борбордук шайлоо комиссиясы сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпай турганын билдиришти.

"Себеби автоматташтырылган эсептөөчү урна жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.

Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, автоматташтырылган эсептөөчү урна аны жараксыз деп эсептеп коёт. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.

Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.

Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.

Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 миң адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коёлу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
30.11.2021. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи электрондук шайлоо жыйынтыгын озгортуп, артынан туну менен бюллетендерди алмаштырып бутуп алып эми санагыла дейт БШК уялбай.....
30.11.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоо таза отту дейт, акчасы аздар калып кетип бут эле акчалуу олигархтар утуп чыгыптыр, анан кантип подкуп болгон жок деп жатышат?!
30.11.2021. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таза шайлоо отуу учун эн алгач Ташиевдин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы шайлоого катышпашы керек эле......
30.11.2021. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шайлоо мыйзамын одоно бузган Талант Мамытовдун шайлоого катышуусунун озу, Жапаров менен Ташиевдин таза шайлоо откоробуз деп элдин кулагына лапша илгенинин бир далили.....
30.11.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Antiradikal10, Наалыма адам окшойсуң э? Же каралоо үчүн алган акчаларыңды отработайтетип жатасыңбы?
30.11.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Simels, сен дейсинби, бийликтин жугундукору...

Жугунду ичип, жугундунду актап ичуу сага окшогон дакансаларга жарашат.
30.11.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Antiradikal10,дакансалардын богун же
30.11.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ал нааразы партиялар чындап эле өтпөгөнүн жакшы эле билип турушат дагы эптеп эле ызы-чуу чыгаргысы келишет! Шайлоо өттү болду, эч кандай кайра шайлоо болбойт!!! 5-6 жыл шайлоо, саясат дегенди унуталы дагы өз ишибизди кылып мамлекетибизди өнүктүрөлү!
Ар бирибиз өзүбүздү оңдобосок мамлекет оңолбойт! А то азыр тыңыраак жазалбагандар деле политиканы сүйлөп сынчы болуп кетишкен!
30.11.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошол куну айтыш керек болчу до конца кол менен эсептейбиз деп, тан атканча бюллетендерди алмаштырып алып эми жашыруун эч нерсе жок дебей.
30.11.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шайлооо таза эле отту таза эмес дегендер озлору таза эмес окубаган Бут барастар сузакта 500 мин Эл бар алардын бардыгы эле деерлик ишеним торобаевды Жана ташиевди шайлады анча мынча каата болот да ката болбогудай бул жер бейиш эмес силерге эмнеси болсода болду ишти кылгыла той бутту жок болду аш тугонду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: