super.kg logo

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрь күнү Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 17:20 чамасында Ахунбаев жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Crown үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1979-жылы туулган А.К. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номер кылып айдап жүргөндүгү аныкталган. Анткени унааны Орусия Федерациясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасынан текшерген учурда бул унаанын кузовунун номери техникалык каражаттагы номерге дал келген эмес. Так эле ушундай унаа Орусияда катталып, азыркы учурда айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук тергөө кызматына жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: