super.kg logo

Баткенде такталбаган аймактагы тажик тараптын курулуш иштери токтотулду

 

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактагы курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 13:00 чамасында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө карабастан, Лейлек районунун Майты аймагында тажик тарап Сүлүктү-Пролетарск темир жол тилкесин демонтаждоо иштерин баштап, такталбаган аймакка жакындашкан.

Бул курулуш иштери УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан дароо токтотулган. Андан сырткары болжол менен ошол эле убакта Тажикстандын 30-35ке жакын жараны Максат-Арка унаа жолунун боюнда тосмо куруп башташканы белгилүү болгон. Кыргыз чек арачыларынын талабы менен бул курулуш да токтотулган.

Мындан тышкары Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылдык округунда Баткендин жашоочулары үчүн үйлөрдүн курулушун баштоо иштери улантылган. Ошол эле убакта Тажик жарандары Сомониён (Тажикстан) участкасында курулуш иштерин улантышкан. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, эки тарап тең курулуш иштерин токтотушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: