super.kg logo

"Мени уурдоого аракет кылды". Кара-Көлдө WhatsApp тайпаларында тараган үн жазуу боюнча милициянын кайрылуусу

 
Кара-Көл шаарындагы WhatsApp тайпаларында “мени уурдоого аракет кылды” деп жазылган аял кишинин үн билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 29-ноябрь күнү түнкү саат 22:30 чамасында Кара-Көл шаарынын тургуну 1971-жылы туулган аял киши телефон аркылуу төмөндөгүлөрдү билдирген:
29-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жайгашкан №3 “Келечек” балдар бакчасынан жумушунан чыгып, 5 жаштагы небереси менен бара жатса белгисиз кара түстөгү автоунаа бурулуп келип токтогон. Арткы эшигин ачып автоунаанын ичинен бейтааныш болгон жашы болжол менен 25-30 чамаларындагы эркек киши “отуруңуз, үйүңүзгө жеткирип коёлу” деп кайра-кайра айтканынан коркуп “отурбайм” деп унаанын эшигин жаап үйүнө басып кетип калган. Унаанын ичинде жашы болжол менен 25-30 жаштардагы эки бала жана кыз-келин болгонун, ошол автоунааны таап текшерип коюуну суранган.
Ошондой эле окуяны жаздырып WhatsApp тайпаларына таратып жиберген. Жогорудагы маалымат Кара-Көл ШИИБинде текшерүүнү талап кылган материал катары каттоого алынган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн даректе жайгашкан сулуулук салонунун видеокамерасы каралган. Саат 17:37 чамаларында ошол көчөдөн такси кызматында айдоочу болуп иштеген Кара-Көл шаарынын 1986-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну өзүнө таандык болгон кара түстөгү Хундай-Соната үлгүсүндөгү автоунаасы менен өткөндүгү белгилүү болгон.
"Ал эми айдоочу өз көрсөтмөсүндө ошол убакыт аралыгында дарыканага дары алганы барып, кайра өзү жашаган үйгө келгендигин, бирок жолдон эч кандай шек жараткан башка кара түстөгү автоунаа көрбөгөнүн билдирген.
Маалымат берген аялды тааный тургандыгын, мындан мурун бир нече жолу буюртма аркылуу үйүнө алып келип койгондугун жана ал аял психикалык жактан жабыркагандай көрүнгөнүн айткан. Себеби ал жөн гана сүйлөшүп келе жатып эле туура эмес сөздөрдү айтып, уруш чыгарып жүргөн адаты бар болгондугун, анын айткан сөздөрү чындыкка дал келбестигин билдирген.
Бул маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында 1971-жылы туулган Т.К.нын телефон аркылуу билдирүүсү чындыкка дал келбегендиги аныкталган.
Учурда жергиликтүү милиция тарабынан билим берүү мекемелеринде жана коомчулук арасында бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы облустун тургундарын такталбаган маалыматтарды бөлүшпөөгө жана таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2021. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөө жарым токолдука уурдайын десе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: