super.kg logo

Галина Байтерек социалдык тармакта анын атын жамынган фейк баракча тууралуу айтып чыкты

 
Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек Фейсбук баракчасында социалдык тармактарда анын атын жамынып, негатив комментарийлерди жазган фейк баракча пайда болгондугун жазып чыкты.
"Урматттуу достор.
Тилекке каршы, социалдык тармактарда менин атым жазылган баракчанын скриншоту тарап, ал жерде терс комментарийлер, жадакалса коркутуулар да жазылууда. Баса белгилеп айткым келет, бул фейк баракча. Мен негативдүү комментарий жазбайм, менде андай адат жок. Сынды, кеңештерди, сунуштарды туура кабыл алам.
Эске сала кетейин, ушул жылдын май айында менин аты-жөнүм жана сүрөтүм жазылган фейк баракча пайда болуп, анда негатив жазылган.
Келечекте туура эмес чечмелөөнү болтурбоо үчүн мен азыр жеке өзүм башкарып жаткан жеке баракчамды текшерүү өтүнүчү менен Facebook'ка байланышууга аргасыз болдум. Мен үч күндүн ичинде текшерүүнү алдым. Менин баракчам текшерилип, көк белги менен белгиленген. Ушуга көңүл буруп, алдыда эске алыңыз", - деп жазып калтырган ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.12.2021. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул катында тажатты!
01.12.2021. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огоу жок катын окшойт,Ушул бийлик келгенден бери ФЕЙК дегенди Эми тушундум бир балаа болсо эле Фейк деп чыга калышат экен))
Omyke түзөттү 2021-12-01 01:46:20
01.12.2021. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Omyke, Бийлик өзү ФЕЙК бийлик болуп ататта!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: