super.kg logo

УКМК: "БШКнын сайтында шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтар текшерилип жатат"

 

БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы текшерилип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн.

Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган.

Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок.

Жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес. Маалыматтык шайлоо системасынын автоматтык эсептөөчү урналарынан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар аралаш системаны колдонуу менен шайлоо өткөрүү үчүн БШК тарабынан ишке ашырылган.

Бул программа туура иштеп жатат жана добуштардын саны боюнча туура маалыматтарды көрсөтүүдө.
Киберкоопсуздукту камсыз кылуу максатында, буга чейин УКМК БШК менен биргеликте Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) техникалык текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү сунуштар берилген.

Маалыматтык шайлоо системасынын маалыматтык коргоо каражаттарынын журналдык файлдарын алдын ала талдоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгонун көрсөттү. Ошол эле учурда ушул сыяктуу чабуулдар ар дайым болуп келген, бирок бул чабуулдар каттоого алынып, ийгиликтүү четке кагылып турат, бул БШКда маалыматты коргоо каражаттарынын натыйжалуулугун далилдейт.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. Азыркы учурда добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн добуштарды кол менен саноо жүргүзүлүүдө, эсептөөнүн жыйынтыктары чыгары менен БШКнын сайтында жарыяланып турат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
01.12.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шайлоо таза эле өттү
01.12.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтин даканса жугундукорлору учун шайлоо таза отту......

Булар бийликтин созун суйлобогондо адилеттуу соз суйломок беле?.......
01.12.2021. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
УКМКга ишенбегиле!!! УКМКнын башында ким турат? Ташиев! Анын партиясында соттуулугу жоюла элек экс таможня жетекчиси талапкер болуп шайлоого катышты. Башкалардын дипломдорун текшерген УКМК соттуулугу жоюла электерди билбей калыптырбы? Билет, билип туруп коз жумушту, шефи Ташиев озу партиясына алып жаткандан кийин...

УКМК "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Ташиевке караштук экенин билбейби? Еще как билет. Билгенде эмне, шефинин партиясы болуп жатса.
01.12.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
УКМК билип туруп коз жумуп жатса. Кантип айта алышат, Ташиевдин партиясы шайлоого катышпашы керек деп, Ташиев булардын шефи болсо...

Эми туштон кийин УКМК текшерип жатат дегени, карышкырга кой кайтартып жатабыз деген соз. Текшердик, баары таза экен, эки таблица биригип ашыкча эсептеп алыптыр деп кутулуш керек...

Фальсификация болгонун булар кантип айтат, УКМК бугун бийликтин былыктарын жаап жашыруучу органга айланса.....
01.12.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal10, сага заказ болгон точно, эптеп ушул бийликти элге жаман корсотуш! Бул Сенин милдетин буйрук ушундай болгон. Эми куйунбой турсанар жакшы же жаманын коробуз бул бийликтин! Элдин атынан суйлойсунор 5,10адам болуп алып. Уят деген барбы силерде
01.12.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ela93, силерде уят, ар-намыс барбы деп суроонун да кажети жок. Ушунун баарын жугундунарга кошуп ичип койгонсунар бийликтин дакансалары...

Былтыры тонкоруштон кийин элдин копчулугу умут менен колдогон Жапаровду. Бирок арадан 1 жыл отту, элдин умуттору акталган жок. Бугун Жапаровду эл бир жыл илгеркидей колдобойт. Бир ууч дакансалар, силер гана калдынар.

Бийлигин ыплас шайлоо откоруп жатса, кымбатчылыкьа эл мугдуроп жатса, дагы эмнени кутуш керек сенин бийлигинден?!
01.12.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal10,жепсин, элбузар, наалат сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: