super.kg logo

Жалпы суммасы 2 миллион 400 миң сом. Маданият жана искусство мектептерине музыкалык аспаптар тапшырылды

 
Кытайдын Кыргыз жергесиндеги элчилиги тарабынан маданият жана искусство мектептерине грант катары музыкалык аспаптар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Аспаптарды тапшыруу иш-чарасына министр Азамат Жаманкулов жана Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвень катышты.
"Министрликтин алдындагы борбордогу жана аймактардагы окуу жайларга баасы 2 миллион 400 миң сомго турган музыкалык аспаптар салтанаттуу тапшырылды. Аспаптардын арасында фортепиано, саксафон, скрипка, кыл кыяк, флейта, гитара, өрүк комуз жана жетиген сындуу аспаптар бар.
Андан кийин министр менен элчи кыскартылган форматта сүйлөшүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өз кезегинде Ду Дэвень маданий алака менен бирге министрликтин тармактарынын кеңейип жаткандыгын кубаттоо менен, спорт тармагында да кызматташуу ниети бар экендигин айтып, биргелешкен долбоорлорду алып барууну сунуштады", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: