УКМК Өмүрбек Текебаевдин окуясына байланыштуу кайрылуу жасады
УКМКдан социалдык тармактардагы "Өмүрбек Текебаевдин телефону УКМК имаратына жакын жерден табылды" деген билдирүү боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Өмүрбек Текебаевге "Park Hotel'дин" жанында кол салуу болгон окуя УКМК менен да, анын кызматкерлери менен да эч кандай тиешеси жок. Ал эми социалдык тармактарда анын телефону УКМКнын жанында табылды деген маалымат бул укук коргоо кызматтарына болгон провокация жасоого болгон аракет.
Саясатчыларды жана алардын тарапташтарын провокациялык акциялардан алыс болууга, укук коргоо органдарын, анын ичинде УКМКны күнөөлөөдөн алыс болууга чакырабыз. Жалган жалаа жабуу, провокациялык акцияларды уюштуруу, УКМКга негизсиз айып таккандар жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Белгилей өтсөк, буга чейин социалдык тармакта Өмүрбек Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылды деген маалымат тараган.


Баары коментарийиңди окуп чыктым экөөнө жаман сөздөрдү жазыпсың.