"Жыл жаңырыгы" наамына Эрназар Акматалиев ээ болду



Бүгүн, 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында спорт жаатындагы өлкө мыктыларына наамдарды тапшыруу аземи өтүүдө.
Аземде Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Эрназар Акматалиев "Жыл жаңырыгы" наамына ээ болду.
"Sport Awards" тарабынан мындай сыйлыкты биринчи жолу алып жатам. Элдин тандоосу менен бул жолкусунда жеңиш бизге жылмайыптыр. Эмгегибизди баалап, сыйлап койгондоруна абдан кубанып турам. Ал эми кийинки кадамдарыбызды машыктыруучулар менен биргеликте пландап жатабыз", - дейт Эрназар Акматалиев.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунда Эрназар Акматалиев Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча алтын медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.