super.kg logo

Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакыртылды

 

"Азаттык" партиясынан шайлоого катышкан Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок бүгүн, 1-декабрда социалдык тармактарда Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган.

Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакыртылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: